# 41-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 41-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-41

---

1. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну жана гранттык каражаттарды пайдаланууну контролдоо мамлекеттик заказчы, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт жана баалайт. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча же көз карандысыз эксперттерди тартуу менен мониторинг жүргүзүлөт жана бааланат.

3. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик заказчы жана башка мамлекеттик органдар тарабынан коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тоскоол болбоого тийиш.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-42)
