# 40-берене. Коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусун мамлекеттик колдоо

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 40-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-40

---

1. Аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын компетенциясынын чегинде ага маалыматтык, консультациялык, усулдук, уюштуруу-техникалык колдоолорду көрсөтүшөт.

2. Маалыматтык жана консультациялык колдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү, коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу, мамлекеттик, тармактык жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматты берүү, коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды берүү аркылуу жүргүзүлөт.

3. Усулдук жана уюштуруу-техникалык колдоо маалыматтык-маалымдама жана усулдук материалдарды иштеп чыгууга көмөктөшүү, семинарларды, конференцияларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды уюштурууда жардамдашуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-41)
