# 4-берене. Мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн жана жайгаштыруунун принциптери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 4-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-4

---

Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт жана жайгаштырылат:

1) чечүүнү талап кылган кыйла маанилүү социалдык көйгөйлөрдү табууга жана коомдук пайдалуу максаттарды аныктоого жарандардын катышуусунун;

2) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жол-жоболорунун ачыктыгынын жана айкындыгынын;

3) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруунун бардык этаптарында баалоонун объективдүүлүгү, талаптардын бирдейлиги жана бирдей шарттардын түзүлүүсүнүн;

4) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматка бирдей жана эркин жеткиликтүүлүктүн;

5) мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн;

6) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеке мамиленин, алардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алуунун;

7) калктын аялуу катмарларына социалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган программалардын артыкчылыгынын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-5)
