# 36-берене. Эксперттерди тартуу менен долбоордук сунуштарды баалоо тартиби

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 36-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-36

---

1. Гранттык комиссия эксперттерди тартуу менен конкурстун катышуучуларынын долбоордук сунуштарын баалаган учурда, долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:

1) гранттык комиссия эксперттерге долбоордук сунуштарды кагаз же электрондук түрдө берет;

2) эксперттер мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген баалоо критерийлерине ылайык долбоордук сунуштарды баалайт;

3) гранттык комиссия тарабынан эксперттик баалоо үчүн берилген ар бир долбоордук сунуш мамлекеттик заказчынын эксперттердин электрондук маалымат базасынан ушул Мыйзамдын 32-беренесинде белгиленген тартипте тандалып алынган 3төн кем эмес эксперт тарабынан бааланууга тийиш;

4) эксперт баалоо үчүн алынган долбоордук сунушту изилдейт, мамлекеттик заказчы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген баалоо барагын толтурат жана коюлган бааларды негиздөө менен баалоонун натыйжалары боюнча корутунду даярдайт;

5) ар бир критерий боюнча эксперт тарабынан коюлган балл суммаланат жана келип чыккан сумма долбоордук сунуш боюнча эксперттин баасы болуп эсептелет;

6) баалоодон кийин эксперт гранттык комиссияга толтурулган жана кол коюлган баалоо барактарын жана коюлган баллды негиздөө менен баалоонун жыйынтыктары боюнча корутундуларды берет; эксперттердин баалоо жыйынтыктары сунуштук мүнөзгө ээ;

7) ар бир долбоордук сунуш боюнча эксперттердин баалары гранттык комиссия тарабынан суммаланат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;

8) гранттык комиссия эксперттер тарабынан долбоордук сунуштар боюнча коюлган жыйынтык баллды (коюлган баллды өзгөртүүсүз) протокол түрүндө бекитет жана ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган тартипте рейтинг тизмесин түзөт жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт.

2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү эксперттердин баалоо жыйынтыктарына макул болбогон учурда гранттык комиссия ушул Мыйзамдын 35-беренесинде аныкталган тартипте шектенүүлөрдү (кайчы пикирлерди) жараткан долбоордук сунушту өз алдынча баалоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-37)
