# 35-берене. Гранттык комиссиянын долбоордук сунуштарды баалашы

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 35-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-35

---

1. Долбоордук сунуштар конкурстун документтерин кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде бааланат.

2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:

1) долбоордук сунуштар гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө электрондук формада, PDF форматында берилет;

2) гранттык комиссиянын мүчөсү ар бир долбоордук сунушту изилдейт;

3) гранттык комиссиянын мүчөсүнө ар бир долбоордук сунуш боюнча баалоо барагы берилет;

4) долбоордук сунуштарды изилдөөнүн натыйжалары боюнча ар бир долбоордук сунуш гранттык комиссия тарабынан талкууга алынат; гранттык комиссиянын мүчөсү аларды баалоо барагына ар бир баалоо критерийи боюнча баллдарды коёт;

5) гранттык комиссиянын мүчөсү бардык баалоо критерийлери боюнча баалоо барагында койгон балдар суммаланат жана алынган сумма гранттык комиссиянын мүчөсүнүн долбоордук сунушту баалоосу деп эсептелет;

6) ар бир долбоордук сунуш боюнча гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн баалары суммаланат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл болуп эсептелет;

7) долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу баллдар азаюу тартибинде жалпы рейтинг тизмесине киргизилет;

8) эгерде бир нече долбоордук сунуш бирдей санда балл алса, анда алар конкурска катышуу үчүн документтердин бардык пакетин берүү убактысы боюнча (хронологиялык ырааттуулукта) рейтинг тизмесине киргизилет; бардык документтердин пакети бир убакта берилген учурда, ушул долбоордук сунуштардын рейтинг тизмесиндеги ордун аныктоо үчүн гранттык комиссия аныктаган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт;

9) гранттык комиссиянын чечими менен рейтинг тизмесинде долбоордук сунуштары эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жарыяланган конкурстун темасы боюнча жеңүүчүлөр болуп таанылат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-36)
