# 34-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо ыкмалары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 34-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-34

---

1. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды төмөндөгү ыкмалардын бири менен баалайт:

1) жарыяланган конкурстун бардык темалары боюнча конкурстун катышуучуларынын бардык долбоордук сунуштарын ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган тартипте өз алдынча баалайт;

2) келип түшкөн долбоордук сунуштардын бир бөлүгүн өз алдынча баалайт, ал эми долбоордук сунуштардын калган бөлүктөрүн баалоо үчүн эксперттерди тартат;

3) бардык долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартат.

2. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.

3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизминде бюджеттик каражаттардын каалагандай негизде, анын ичинде жеке же башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн долбоордук сунуштарды калыс жана объективдүү баалоо караштырылууга тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, аларды табуу жана жоюу боюнча механизмдерди өзүнө камтууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-35)
