# 30-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурсту өткөн жок деп таануу жана кайталап конкурс өткөрүү учурлары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 30-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-30

---

1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышууга бир тема боюнча экиден кем арыз ээси киргизилген учурда, айрым темалар боюнча конкурс өткөн жок деп таанылат.

2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, мамлекеттик заказчы таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсун кайрадан жарыялоого же коомдук пайдалуу долбоорлорго арналган каражаттарды мамлекеттик социалдык заказдын башка формаларын ишке ашырууга колдонууга милдеттүү.

3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кайталанган конкурс ушул главада каралган эрежелер боюнча өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-31)
