# 3-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 3-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-3

---

1. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү болуп саналат.

2. Мамлекеттик социалдык заказдын милдеттери:

1) республикалык, тармактык, региондук жана муниципалдык социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

2) гендердик теңдикти эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу;

3) социалдык кызматтарды көрсөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин өбөлгөлөө;

4) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жарандарды кеңири тартуу;

5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги менен камтылбаган же жетишсиз камтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүү;

6) социалдык чөйрөгө кошумча адамдык, материалдык, каржылык жана башка ресурстарды тартуу;

7) калкка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу берүү үчүн альтернативдүү механизмдерди түзүү;

8) социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;

9) социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонулуучу мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;

10) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-4)
