# 18-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыялоо

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 18-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-18

---

1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жөнүндө жарыя төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) конкурстун темасын (чечүү керек болгон социалдык көйгөйлөр жана/же жетишүү зарыл болгон коомдук пайдалуу максаттар; алардын кыскача баяндалышы);

2) конкурстун катышуучуларына ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган талаптар;

3) конкурска катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 26-беренесинде саналган документтердин тизмеги;

4) конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери жана аныктоо мөөнөттөрү;

5) бир коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга гранттын максималдуу суммасы (эгерде мындай сумма белгиленсе);

6) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдарына болгон максималдуу чек (гранттын суммасынан пайыз менен, эгерде мындай чек белгиленсе);

7) товарларды сатып алуу жана жумуштарды аткаруу долбоордун максаттарына жетүү үчүн керек болгон учурларда товарларды сатып алууга жана жумуштарды аткарууга максималдуу чек (гранттын суммасынан пайыз менен);

8) конкурска катышуу үчүн арыздын бланкын алууга мүмкүн болгон мамлекеттик заказчынын почта дареги, анын ичинде арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон анын расмий сайтынын дареги;

9) маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почта дареги);

10) конкурстун шарттары боюнча суроолорду жөнөтүү жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн мөөнөт;

11) конкурстук арыздарын жана конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон почта дареги, электрондук почта дареги жана/же расмий сайттын дареги;

12) конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү;

13) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду.

2. Коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдары болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тартылган кызматкерлердин эмгек акысы, алардын долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш сапар жана транспорттук чыгымдары;

2) долбоор ишке ашырылып жаткан жайды сатып алууга же ижарага алууга чыгымдар (эгерде мындай жай зарыл болсо);

3) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан коммуналдык төлөмдөр боюнча чыгымдар;

4) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан кеңсе жана тиричилик товарларына чыгымдар.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-19)
