# 17-берене. Мамлекеттик социалдык заказды коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасында ишке ашыруунун тартиби

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 17-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-17

---

1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана/же коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) мамлекеттик заказчы, программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү жөнүндө мамлекеттик жана/же расмий тилде кулактандырууну өзүнүн расмий сайтында жайгаштырат, ал эми расмий сайты болбогон учурда өзүнүн маалымат тактасында жайгаштырат жана нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;

2) мамлекеттик заказчы гранттык комиссияны түзөт;

3) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун конкурсуна катышууну каалаган коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчыга тиешелүү арыз жөнөтөт;

4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордук сунуштарды баалоо критерийлерине ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;

5) мамлекеттик заказчы конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзөт жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларды гранттар түрүндө каржылайт;

6) конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдар коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырат жана мамлекеттик заказчыга тиешелүү отчетторду берет.

2. Коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишин жүргүзүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-18)
