# 12-берене. Программаны ишке ашыруу планы

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 12-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-12

---

1. Мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого каражаттар каралган тиешелүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик заказчынын статусун алат.

2. Мамлекеттик заказчы тийиштүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө программаны ишке ашыруунун планын иштеп чыгат жана бекитет.

3. Программаны ишке ашыруу планы төмөнкүлөрдү кароого тийиш:

1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасын ишке ашырууга арналган программада колдонулуучу каражаттарды;

2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик социалдык заказды уюштуруу боюнча чыгымдарды жабууга каралган каражаттарды.

4. Мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасы боюнча (программада колдонулган формалар боюнча) программаны ишке ашыруунун планында ушул форма аркылуу мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун тартиби майда-баратына чейин берилген, анын ичинде төмөндөгү маалыматтар камтылган атайын бөлүм болууга тийиш:

1) ишке ашыруу мөөнөттөрү;

2) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын категориялары;

3) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар;

4) коомдук пайдалуу максаттар;

5) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аймагы;

6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун шарттары жөнүндө башка маалымат.

5. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-13)
