11-берене. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2022 года № 82
1. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бюджеттик процесске ылайык мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого республикалык бюджеттен каражат алуу үчүн жыл сайын өз суроо-талаптарын жөнөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого жыл сайын каражаттар каралат.
4. Мамлекеттик социалдык заказды республикалык бюджеттен каржылоого каражаттар бөлүнгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул каражаттардын 5 пайыздан көп эмесин төмөнкү максаттарда пайдаланууга укуктуу:
1) өзүнүн расмий сайтында мамлекеттик социалдык заказ боюнча бетти түзүү жана колдоо;
2) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу;
3) долбоордук сунуштарды баалоо жана/же коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо боюнча көз карандысыз эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн сапарларга байланышкан мамлекеттик заказчынын өкүлдөрүнө иш сапар чыгымдарын төлөп берүү;
5) жарандык коомдон түзүлгөн гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын компенсациялоо;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча талаш-тартыштарды сот тартибинде чечүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу;
7) социалдык талондун номиналдык наркын аныктоо;
8) (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына программанын бир бөлүгүн ишке ашырууну берүүнү караштырган учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каралган каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишимдин негизинде берет. Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу функциясын өзүнө калтырат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык баяндоону жана каржылык отчетторду берүүгө милдеттүү.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджетте мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого каражаттарды кароого жана аны ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырууга укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн бюджеттик эмес каражаттарды тартуу максатында мамлекеттик эмес субъекттер - эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары, ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик юридикалык жана жеке жактар менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган учурларда келишимдик акысыз (гранттык) негизде каражаттарды тартууга укуктуу.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каржылоо
1. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо республикалык алынып салынды: жана кошулду: же жергиликтүү бюджеттердин алынып салынды: каражаттарынын кошулду: каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз … жабуу;
7) социалдык талондун номиналдык наркын аныктоо;
8) алынып салынды: гранттык комиссиянын жана көз карандысыз эксперттердин ишин камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу.
кошулду: (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасы жергиликтүү өз … жана аны ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырууга укуктуу.
кошулду: 7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн бюджеттик эмес каражаттарды тартуу максатында мамлекеттик эмес субъекттер - эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары, ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик юридикалык жана жеке жактар менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган учурларда келишимдик акысыз (гранттык) негизде каражаттарды тартууга укуктуу.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Жобо "Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №…Положение · 15.12.2017
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы № 195 "Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасынын 2019-2020-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2019 · № 195
- Каракол шаардык кенешинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 28-45/11 "2024-2026-жылдарга мамлекеттик социалдык буйуртмасынын программасын бекитʏʏ жѳнʏндѳ" ТоктомуПостановление · 25.06.2024 · № 28-45/11
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабры № 186-28 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасын бекитүү"…Постановление · 22.12.2023 · № 186-28
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111577/st-11" title="11-берене - Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>