1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "ушул Кодекстин 238-статьясын" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2134, 238-статьяларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2134-статьяда:
а) экинчи абзацында "жүз" деген сөз "беш жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруу шарттарынын сакталбашы, - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге жана Евразиялык экономикалык бирлигинин укугуна кирген башка документтерге ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларына Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууга (кооптуулардан тышкары) жол берилет.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111576/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>