# КР 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2387/edition/1289665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111576

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 28-апрели № 69 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111576/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "ушул Кодекстин 238-статьясын" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2134, 238-статьяларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2134-статьяда:

а) экинчи абзацында "жүз" деген сөз "беш жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруу шарттарынын сакталбашы, - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге жана Евразиялык экономикалык бирлигинин укугуна кирген башка документтерге ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларына Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууга (кооптуулардан тышкары) жол берилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111576/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 16-майында № 59 (2784) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
