# 3-берене

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111571)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2382/edition/1289660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111571/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-3

---

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьяда:

а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн.";

б) отуз экинчи абзац "катаал мамилеге," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулукка," деген сөздөр менен толукталсын;

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:

"үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат.";

2) 7-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн "б" пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор;)";

б) 3-бөлүгүндө:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);"; онунчу абзацында "зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-4)
