# КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111571>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2382/edition/1289660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111571.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111571

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 27-апрели № 64 Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2017-жылдын 16-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-1)

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-2)

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын: "81) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-3)

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьяда:

а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн.";

б) отуз экинчи абзац "катаал мамилеге," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулукка," деген сөздөр менен толукталсын;

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:

"үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат.";

2) 7-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн "б" пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн убактылуу туруучу борборлор;)";

б) 3-бөлүгүндө:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- консультациялык-алдын алуу борборлору (кризистик борборлор);"; онунчу абзацында "зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн" деген сөздөр алып салынсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-4)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-8)

төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын: "23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.".

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-5)

(КР 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-6)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-7)

"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.. № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-15)

төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пункту менен толукталсын: "ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.".

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-8)

"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай формасын кабылдабоону калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай формасын үгүттөөгө жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу.".

### [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-9)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин отуз үчүнчү абзацы "басмырлоонун" деген сөздөн кийин "жана зомбулуктун" деген сөздөр менен толукталсын.

### [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-10)

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-статьянын 14-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- аларга карата алардын үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча сот актысы бар;".

### [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111571/st-11)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
