# 9-берене. Прокуратура органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 9-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-9

---

Прокуратура органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолук абалы, курагы боюнча же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылат;

3) прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат;

3-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин отчет берүүсүн жана түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт; 3-2) кварталына бир жолудан кем эмес өз сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жайгаштырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-10)
