# 8-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 8-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-8

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттердин ишин координациялайт жана алар менен өз ара аракеттенет;

2) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашырат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын тутумунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге усулдук, маалыматтык, консультациялык жана башка уюштуруу жардамдарын көрсөтөт;

4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;

5) үй-бүлөнүн көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторингди жүзөгө ашырат жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын аныктоого, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү прогресске жана көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугуна көз салууга багытталган улуттук изилдөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелейт;

7) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;

9) ар жыл сайын ушул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчётторду түзөт жана жарыялайт;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;

11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, юридикалык жана жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

12) өз компетенциясынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-9)
