# 7-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын ишин координациялоонун тартибин аныктайт;

6) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейт;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишине көмөк көрсөтөт;

9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызматтарды көрсөтүүнүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жардам берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитет;

9-1) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитет; 9-2) укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүзөгө ашырат;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-8)
