# 6-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин чөйрөсү

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-6

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) сот;

4) прокуратура;

5) ички иштер органдары;

6) социалдык өнүктүрүү органдары;

7) саламаттык сактоо органдары;

8) билим берүү органдары;

9) юстиция органдары;

9-1) пробация органдары; 9-2) жазаларды аткаруучу органдар;

10) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

11) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

12) адвокатура;

12-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

13) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;

14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

15) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16) жалпыга маалымдоо каражаттары;

17) башка органдар жана уюмдар өз компетенциясынын чегинде.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-7)
