# 5-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 5-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-5

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер тарабынан алардын компетенциясынын чегинде коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга;

3) убактылуу коргоо ордерин алууга;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;

6) мүмкүнчүлүк бар болгондо жардам көрсөтүүчү адисти тандоого;

7) убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө социалдык өнүктүрүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоодон баш тартууга.

1-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган укук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга жайылтылбайт.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун, жардам көрсөтүүнүн жана коргоонун негиздери жана тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-6)
