# 39-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 39-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-39

---

1. Ушул Мыйзам ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында № 56 (2781) жарыяланды

2. 11-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда; 19-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда;

24-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда; 29-берененин 3-бөлүгүндө, 35-берененин 1-бөлүгүндө (консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо) жана баш калкаларда жардам алуу укугун ишке ашыруу бөлүгүндө) жана 35-берененин 3-бөлүгүндө каралган жоболор 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин алар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 238-ст.);

2) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 15-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.).

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Ш. Атамбаев |
| --- | --- |
| 2017-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-38)
