# 373-берене. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=39430..56340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 373-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-373

---

1. Гендердик өзүн өзү баалоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин бекитилген планынын негизинде жүргүзүлөт.

Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнү координациялоо гендердик маселелер боюнча жооптуу адамга жүктөлөт.

2. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү чөйрөдө зарыл болгон билимге жана иш тажрыйбасына ээ адистер тартылышы мүмкүн.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчетторду үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жана атайын формалардын негизинде жыл сайын берет жана аларды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

4. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчет түзүлөт, ал аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

5. Гендердик өзүн өзү баалоонун натыйжаларын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттердин жетекчилеринин ведомстволор аралык кеңешмесинин кароосуна берет.

Кароонун жыйынтыктары боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъект гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды, анын ичинде кадрдык саясатты жүргүзүүдө аныктайт. Көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашырылышын контролдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчисине жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-372)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-38)
