# 372-берене. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=39430..56340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 372-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-372

---

1. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) бекитилген индикаторлордун негизинде гендердик теңчиликке жетишүү жана гендердик сезимталдыкты жогорулатуу боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин ишинин натыйжаларына өзүнүн талдоо жүргүзүүсү;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалын баалоо;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерде аялдардын жана эркектердин сандык катышын ар түрдүү деңгээлде изилдөө;

4) гендердик теңчиликти илгерилетүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу көрсөткүчтөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү;

5) гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.

2. Гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн методология, индикаторлор жана тиешелүү ченемдик актылар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-371)  
Кийинки берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-373)
