# 36-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын статистикалык эсепке алуу

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 36-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-36

---

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө статистикалык маалыматтардын көрсөткүчтөрүнүн тизмегин жана курамын, статистикалык жана эсепке алуучулук формаларын, чогултуунун мезгилдүүлүгү жана иштеп чыгуунун тартиби аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана консультациялык-алдын алуучу борборлордун статистикалык ишин, ошондой эле нускамалык-усулдук материалдарды координациялоону камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статистикалык жыйнактарды, макалаларды бюллетендерди, баяндамаларды чыгаруу, сайтка жайгаштыруу аркылуу, ошондой эле башка жолдор менен үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык маалыматты жайылтууну жана коомчулукка жеткирүүнү камсыз кылат.

3. Укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү прокуратура жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-37)
