# 35-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүү

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 35-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-35

---

(Статьянын аталышы КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле социалдык тейлөө мекемелеринде: консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо), баш калкалоо жайларында, ошондой эле ушул Мыйзамга жана калкты социалдык тейлөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка мекемелерде социалдык-психологиялык жардам алууга укуктуу.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын, ошондой эле ушул Мыйзамда аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин ушундай жардам сурап кайрылуусу социалдык-психологиялык жардам берүү үчүн негиз болуп саналат.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам убактылуу коопсуз жашоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоо жайын алууга укуктуу. Баш калка жайында болуу баш калкалоо жайынын уставында же жобосунда аныкталган эрежелерге ылайык келишимдик шарттарда акысыз түрдө жүзөгө ашырылат.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам окутуунун, кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун, жумушка орноштуруунун мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык реабилитациялоонун башка формалары жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-36)
