# 34-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 34-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-34

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга берилүүчү жардамга ушул Мыйзамда аныкталган субъекттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чектеринде көрсөтө турган юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдын түрлөрү кирет.

2. Юридикалык жардамга консультацияларды берүү, юридикалык документтерди даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын атынан соттордо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу, мыйзамдарда аныкталган юридикалык маанилүү аракеттердин башка түрлөрү кирет. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлөт.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталган медициналык-санитардык жардамдын бардык түрлөрү көрсөтүлөт.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-психологиялык жардамга төмөнкүлөр кирет:

1) социалдык коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык зарыл документтерди жана социалдык жөлөкпулдарды алууга көмөк көрсөтүү;

3) социалдык кызматкердин, психологдун консультацияларын берүү;

4) коопсуздугун камсыз кылуу максатында социалдык кызматтарда коопсуз орундарды берүү;

5) социалдык реабилитациялоого көмөктөшүү;

6) үй-бүлөлүк зомбулук учурлары айкындалган үй-бүлөлөр менен социалдык иштөө.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-35)
