Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга берилүүчү жардамга ушул Мыйзамда аныкталган субъекттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чектеринде көрсөтө турган юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдын түрлөрү кирет.
2. Юридикалык жардамга консультацияларды берүү, юридикалык документтерди даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын атынан соттордо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу, мыйзамдарда аныкталган юридикалык маанилүү аракеттердин башка түрлөрү кирет. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталган медициналык-санитардык жардамдын бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-психологиялык жардамга төмөнкүлөр кирет:
1) социалдык коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык зарыл документтерди жана социалдык жөлөкпулдарды алууга көмөк көрсөтүү;
3) социалдык кызматкердин, психологдун консультацияларын берүү;
4) коопсуздугун камсыз кылуу максатында социалдык кызматтарда коопсуз орундарды берүү;
5) социалдык реабилитациялоого көмөктөшүү;
6) үй-бүлөлүк зомбулук учурлары айкындалган үй-бүлөлөр менен социалдык иштөө.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-34" title="34-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>