# 32-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам сотко кайрылууга укуктуу болуучу талаптар

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 32-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-32

---

1. Ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата сотко төмөнкүдөй бир же бир нече талаптар менен кайрылуу укугуна ээ болот:

1) бирге жашаган жерден убактылуу чыгарып салуу;

2) ата-энелик укуктарды чектөө;

3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарда каралган башка талаптар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча укуктарды чектөө сот тарабынан бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө белгиленет.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-33)
