# 31-берене. Доо арызын берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006724..1006725>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 31-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-31

---

1. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча, доо арызы убактылуу коргоо ордери берилген учурдан тартып же үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча аны жасаган адамга карата соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер боюнча доо арызы, жарандык процесстик мыйзамдарда доо арызын сот өндүрүшүнө кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө даярдоо үчүн каралган убакытты эсептебегенде, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде сот тарабынан каралат.

3. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар боюнча арыз жарандык мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-32)
