# 30-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштер боюнча сотко кайрылуу

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 30-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-30

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ болот:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам же болбосо анын өкүлү;

2) прокурор;

3) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жашы жете элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам болуп саналса, балдарды жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү.

2. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча доо арызына убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү же аны жасаган адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча сот актысынын көчүрмөсү тиркелет.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамындарын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-291)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-31)
