# 291-берене. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=14086..39430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 291-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-291

---

1. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар - электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордери берилген адам тарабынан ага карата белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында анын жүргөн жерин аралыктан контролдоо жана изилдөө.

2. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерге баа берүү протоколунун негизинде кабыл алынат.

Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечимде аларды аткаруунун шарттары (ал чегинен чыгып кете албаган же ал жүрө албаган аймак, ага карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана (же) кызмат адамы көрсөтүлөт. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдан техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чара көргөн органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан чыгып кетпөө, белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо милдеттенмеси жазуу жүзүндө алынат.

3. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-29)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-30)
