29-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 октября 2025 года № 214
1. Убактылуу коргоо ордери бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарды карайт:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салуу;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
31) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин;
32) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү оңдоп-түзөөчү программага ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү милдетин.
2. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалыматты, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Убактылуу коргоо ордеринин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
15.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
кошулду: 31) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин;
32) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын … Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N алынып салынды: 161 Мыйзамынын кошулду: 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)алынып салынды: Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 "Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө" токтому
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 "Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2017 · № 642 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-29" title="29-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>