# 24-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 24-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-24

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюунун ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу түрлөрү:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн же аларга теңештирилген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;

2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды жазыктык-процесстик мыйзамдарга, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык кармоо;

3) убактылуу коргоо ордерин берүү;

4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген жана/же тобокелдиктерди баалоо протоколуна ылайык ага карата зомбулуктун чоң тобокелдиги бар адамды анын макулдугу менен коопсуз жерге же болбосо баш калкалоочу жайга токтоосуз жайгаштыруу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жайга токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттерин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жерге токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-25)
