# 23-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү)

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 23-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-23

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

2. Алдын алуу (эскертүү) чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталануусун болтурбоо жана ага жол бербөө, ошондой эле жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуучу аңгемелешүүлөр, консультациялар, анын ичинде ишеним телефондору аркылуу сүйлөшүүлөр;

3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдарга үй-бүлөлүк зомбулуктун жол берилгистиги жана укукка каршы келүүсү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берүү;

6) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумдарга үгүттөөгө, кайсы болбосун адамды басмырлоого жол бербөөгө багытталган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык жана агартуучулук өнөктүктөр, иш-чаралар;

7) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка чаралар.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-222)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-24)
