# 22-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого башка органдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандардын катышуусу

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 22-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-22

---

1. Башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык көрсөтүүгө, анын ичинде:

а) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга алардын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга же болбосо коомдук уюмдарга кайрылуу укугу жөнүндө маалымдоого;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга тиешелүү консультацияларды берүүгө;

в) жашы жете электерге жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга тийиштүү болгон, төмөндө аталуучу органдарга кабарлоо милдеттүү болуп саналган учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө ички иштер органдарына, прокуратура жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо органдарына кабарлоого;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырууга;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүүгө катышууга;

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жана башка булактардан мыйзамдарда каралган учурларда каржылоо алууга укуктуу.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды берет.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетторду жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-21)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-221)
