# 19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 19-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-19

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү (шаардык, айылдык) кеңештер:

1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды бекитет жана алардын аткарылышын контролдойт;

2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жардам берүүсүнүн стандарттарын бекитет;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджетте каражаттарды карайт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү):

1) калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;

3) кабыл алынган программалардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) өзүнүн аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;

6) жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;

7) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо кооптуулугу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн сайттарына жарыялайт.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-20)
