Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү (шаардык, айылдык) кеңештер:
1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды бекитет жана алардын аткарылышын контролдойт;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жардам берүүсүнүн стандарттарын бекитет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджетте каражаттарды карайт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү):
1) калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;
3) кабыл алынган программалардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) өзүнүн аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;
6) жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;
7) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо кооптуулугу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн сайттарына жарыялайт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды кошулду: жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн сайттарына жарыялайт. кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-19" title="19-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>