# 18-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 18-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-18

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешкен макулдашылган ишин камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларга өткөрүлүп берилген функциялар жана ыйгарым укуктары боюнча алардын ишине мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларына киргизет, алардын аткарылышын контролдойт;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды жыйындылоону жана талдоону жүзөгө ашырат;

3-1) жергиликтүү комитеттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө ар жылдык отчетун ыйгарым укуктуу органга берет;

4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык тартат;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчётту ыйгарым укуктуу органга берет.

9) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу чөйрөсүндөгү аймактык программаны иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17-1)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-19)
