# 17-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 17-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17

---

1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана алар боюнча окутуу иштерин жүзөгө ашырат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт;

3) Адвокатуранын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматты жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;

4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.

2. Адвокат адвокаттык ишин жүзөгө ашырууда:

1) укуктук маселелер боюнча оозеки да, жазуу жүзүндө да консультация берет;

2) арыздарды, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзөт;

3) жарандык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышат;

4) адвокатура жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка жардамдарды көрсөтөт.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-16)  
Кийинки берене: [17-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17-1)
