# 17-1-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чөйрөдөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 17-1-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17-1

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана талдоону жүзөгө ашырат;

2) облустардын райондору жана шаарлары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-18)
