17-1-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чөйрөдөгү ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана талдоону жүзөгө ашырат;
2) облустардын райондору жана шаарлары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алат;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-17-1" title="17-1-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>