# 16-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 16-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):

1) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата жазык иши боюнча тартиптик өндүрүш же сотко чейинки өндүрүш козгоо жөнүндө өтүнүч менен сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;

2) жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун натыйжалары боюнча, укуктары жана эркиндиктери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же алардын кызмат адамынын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) менен бузулган жана ден соолугунун абалы боюнча же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча сотко кайрыла албаган адамдарды коргоо үчүн сотко кайрылат;

3) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча атайын баяндамаларды даярдайт жана/же бул маселелерди адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндөгү ар жылдык баяндамаларына киргизет;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-17)
