# 15-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=1006725..14086>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 15-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-15

---

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;

1-1) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;

2) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;

3) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө балдарды коргоо боюнча органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;

4) өзүнүн аймактык органдарына жана балдарды коргоо тутумунун башка органдарына балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам берүүнү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-14-2)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-16)
