# 14-1-берене. Пробация органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-14-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 14-1-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-14-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча пробация органдарынын ишин уюштурат жана алардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт;

2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программалардын өткөрүү маселелерин камтыйт;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча пробация органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өз сайтына жайгаштырат.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдары:

1) пробация жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жөнүндө отчетторду пробация чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;

4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-14)  
Кийинки берене: [14-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-14-2)
