14-1-берене. Пробация органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча пробация органдарынын ишин уюштурат жана алардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программалардын өткөрүү маселелерин камтыйт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча пробация органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өз сайтына жайгаштырат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдары:
1) пробация жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жөнүндө отчетторду пробация чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-14-1" title="14-1-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>