11-берене. Социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
1. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишин уюштурат;
1-1) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү жана аларды берүүнүн тартиби боюнча минималдуу стандарттардын сакталышы боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишине мониторингди жүзөгө ашырат;
3) социалдык өнүктүрүү органдарынын жана мекемелеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам берүүнү камсыз кылат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды уюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
6) социалдык кызматкерлердин жана социалдык өнүктүрүү органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктарды айкындоо, алардын алдын алуу жана алардан коргоо боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;
7) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
8) социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук учурларын айкындоосунун, каттоосунун жана эсепке алуусунун тартибин аныктайт;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү социалдык өнүктүрүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн 'минималдуу стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бирден кем эмес жолу өзүнүн сайтына жайгаштырат.
2. Социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндө социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыгына мониторингди жана талдоону жүргүзөт;
4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчётторду берет;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
1) … коргоо боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишин уюштурат;
кошулду: 1-1) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде … маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, кошулду: үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана … менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга алынып салынды: катышат жана аларды киргизүү боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына көмөк көрсөтөт;
кошулду: катышат;
8) социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук учурларын … 'минималдуу стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кошулду: кварталына бирден кем эмес жолу өзүнүн сайтына жайгаштырат.
2. Социалдык өнүктүрүү органдары … социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтөт;
2) үй-бүлөлүк алынып салынды: зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун алынып салынды: айкындалган кошулду: аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде алынып салынды: кабарлайт. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда жабыр тарткан адамдардын макулдугу талап кылынбайт;
кошулду: кабарлайт;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыгына мониторингди жана талдоону жүргүзөт;
4) алынып салынды: үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды ишке ашырат;
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык … боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111570/st-11" title="11-берене - Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>