# 10-берене. Ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.10.2025 [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975); 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/112043)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570#diff=14086..39430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111570/edition/1006724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111570/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө, 10-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, андан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштурат;

1-1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү стандарттарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат жана бекитет; 1-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;

2) ички иштер органдарынын окуу жайларынын окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин киргизет, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу курстарын жана окутуунун башка тиешелүү түрлөрүн камсыз кылат;

3) ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторингди жүзөгө ашырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

6) кварталына бир жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө ведомостволук маалыматты жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн сайтында жайгаштырат.

2. Ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;

2) убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сот актыларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын эсебин жүргүзөт;

31) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берет;

4) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартат; 7-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды укук бузуулар үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартат; 7-3) укук бузуунун кошумча укуктук кесепети катары ал дайындалган адамдардын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсүн пробация органдарында контролдойт;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө алдын алуучулук жана маалыматтык иштерди калк арасында жүргүзөт;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.

3. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо үчүн техникалык каражаттарды колдонуунун түрлөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 41, 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111570/st-11)
