# 303-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111569)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2380/edition/1120133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111569/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 303-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-303

---

Төмөнкүлөр бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (жер алдындагы сууларды чыгарууну кошпогондо) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастарынын саны;

2) жер алдындагы сууларды алууда - алууга жаткан билдирилген суунун көлөмү;

3) пайдалуу кендерди чалгындоодо жана издөөдө - лицензияланган аянттын өлчөмү;

4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жана декоративдүү максаттар үчүн таш материалдарын жыйноодо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары түрүндө пайдаланууда - лицензияланган аянттын өлчөмү;

5) жер казынасын пайдалануу укугу өткөрүлгөндө, өткөрүп берилгенде - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укугу боюнча) отчётуна ылайык көрсөтүлгөн учурда, иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү;

6) пайдалануу укугуна ээлердин уставдык капиталындагы менчик үлүштөрү өзгөргөндө - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укугу боюнча) отчётуна ылайык көрсөтүлгөн учурда, иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү, бул үлүштүн салыштырмалуу өзгөрүшү;

7) пайдалуу кендердин запастарынын саны көбөйгөндө - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан эсепке алынган пайдалуу кендердин көбөйгөн запастарынын саны.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-1)  
Кийинки берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-304)
