# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111569)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2380/edition/1120133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111569/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 256-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"256-берене. Металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинирленген металлдардын берими жана экспорту Металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинирленген металлдардын берими жана экспорту КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";

2) 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"261-берене. Товарларды экспорттоо

1. Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинирленген металлдарды экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен берим болуп саналат.

2. Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНСти төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык КНС боюнча салык отчету менен бир убакта документти салык органына берүүгө милдеттүү.";

3) 301-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 302-304-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"302-берене. Салык салуу объектиси

1. Төмөнкү максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекттери болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу);

2) пайдалуу кендерди чалгындоо;

3) пайдалуу кендерди издөө;

4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жыйноо;

5) декоративдүү максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары түрүндө пайдалануу.

2. Төмөнкүлөр да бонус салыгын салуунун объекттери болуп саналат:

1) күрөөнү өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугунун башка жакка өтүшү;

2) уставдык капиталдын катышуучуларынын (акционерлеринин) курамын жана/же үлүштөрүн (акцияларын) өзү менен кошо өзгөрүүгө алып келбеген юридикалык жактын жолун жолдоочулугунун, аны кайра куруунун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жер казынасын пайдалануу укугунун башка жакка өткөрүлүп берилиши;

3) фонддук биржаларда листингден өткөн юридикалык жактарды жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган универсалдуу укуктун жолун жолдоочулугунун натыйжасында менчик үлүштөрүнүн өткөнүн кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактын уставдык капиталында менчик үлүштөрүнүн (акцияларынын) өзгөрүшү;

4) кошумча чалгындоо жүргүзүүнүн, запастарын кайра эсептөөнүн же башка себептердин натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун берген учурдагы пайдалуу кен чыккан жерлердин запастарынын санынын андан ары көбөйүшү;

5) жер казынасын пайдалануучуга берилген жер казынасынын участогунун өлчөмүнүн көбөйүшү;

6) жер казынасын пайдалануу укугун алгач алган учурда билдирилбеген жаңы пайдалуу кен чыккан жерлерге пайдалануу укугунун берилиши.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрүнө жайылтылат.

---

Кийинки берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111569/st-303)
